super.kg logo

 Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 162 миң сом айып салынды

 

Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, 2 күн ичинде мэриянын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан 162 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Эрежелерди бузгандардын тизмеси:

- «Роял Констракшн» ЖЧКсына 115-берененин 2-бөлүгү боюнча курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаруу үчүн 23 миң сом өлчөмүндө;
- «Гефест Билдинг» ЖЧКсы чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
- "Сосед" турак жай ээлеринин шериктештиги көп батирлүү турак жайлардын санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 110-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
- "Страна Чудес" ТЖЭШ көп батирлүү турак жайларын санитардык жактан тейлөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 110-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
- чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн «Би-Джей Би» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
- Жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн «Учур» мектепке чейинки билим берүү мекемесине 13 миң сом өлчөмүндө;
- «Бишкек петролеум» АК жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;
- Баратова Р. 114-беренеси жана 115-беренесинин 2-бөлүмү боюнча курулуш таштандыларын аныкталбаган жерлерге чыгаргандыгы үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөйт;
- Эсеналиев А.О. 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаргандыгы үчүн 7 миң 500 сом өлчөмүндө;
- Жунушов Д., 115-беренесинин 2-бөлүгү менен курулуш таштандыларын белгисиз жайларга чыгаргандыгы үчүн 7 миң 500 сом өлчөмүндө;
- Сыргабаев И.114-берене боюнча чектеш аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 30 миң сом өлчөмүндө;
- Чоюнов У.М. 114-ерене боюнча жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 3 миң сом өлчөмүндө;
- М.Сайдахматовдон 115-беренесинин 2-бөлүгү боюнча өндүрүш калдыктарын аныкталбаган жерлерге чыгаргандыгы үчүн 7 миң 500 сом өлчөмүндө;
- Асанов Г.Т. 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча уруксаат кагаздары жок казуу үчүн 5 миң 500 сом өлчөмүндө;
- Сатишова И.А. (тигүү цехи) таштанды чыгаруучу мекеме менен келишим түзбөгөндүгү үчүн 114-берене боюнча 3 миң сом өлчөмүндө;
- Осмонали уулу И. 177-берененин 1-бөлүгү менен жол курулушуна келтирилген зыян үчүн 5 миң 500 сом өлчөмүндө;
- Акматалиев К.К. 114-берене боюнча жанаша жайгашкан аймактын тазалыгын жана тартибин сактабагандыгы үчүн 3 миң сом өлчөмүндө;
- Ш.Болода 115-берененин 1-бөлүгү менен катуу тиричилик калдыктарын аныкталбаган жайларга чыгаргандыгы үчүн 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул төлөт;

Инспекция көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталганда мыйзам бузуучулар күнөөсүн моюнуна алган-албаганына карабастан жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: