super.kg logo

"Куранды өрттөөдөн кийин". Швецияда террордук коркунучтун деңгээли көтөрүлдү

 

Швецияда улуттук террордук коркунучтун деңгээли 3төн 4кө көтөрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Швециянын Чалгындоо кызматынын (SEPO) башчысы Шарлотта фон Эссен, борбор калаа Стокгольмдо өткөргөн пресс-конференцияда Швецияда Куранды өрттөө аракеттери жана буларга каршы нааразылык акцияларынан улам коопсуздук абалынын начарлаганын айтты.

"5 баллдык улуттук террордук шкаласындагы коркунучтун деңгээлин 3төн 4кө көтөрдүк. Чечим барган сайын начарлап бараткан коркунучтун деңгээлине жалпы баа берүүнүн негизинде кабыл алынды", - деди Эссен.

Швецияда Куранга карата чагымчыл кол салуулардан кийин Улуу Британия 12-августта Швецияга бара жаткан жарандарына “террордук кол салуу” тууралуу эскерткен.

Швециянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хенрик Ландерхолм да 13-августта жазуу түрүндө билдирүү жасап, чет өлкөдөгү шведдерди жана Швеция менен байланышы бар ишканаларды «сак болууга» чакырган.

Эске салсак, Швецияда Куран китебин өрттөгөн акция бир нече ирет уюштурулган. Курман Айт күнү Стокгольмда Куран китеби теги ирактык жаран тарабынан өрттөлгөн. 31-июлда Швециянын борбору Стокгольмдогу Минтторгет аянтында кайрадан Куран китеби өрттөлгөн. Ага чейин 20-июлда ирактык Салван Момика менен Салван Нажем Ирак элчилигинин алдында Куран китебин тебелешсе, 28-июнда шаардык полициянын уруксаты менен Стокгольмдогу мечиттин жанында Ыйык китепти өрттөшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: