super.kg logo

Бишкекте троллейбус айдоочусу болууну каалагандар бекер окутулат

 

Бишкекте троллейбус айдоочусу болууну каалагандар бекер окутулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы эскертет.

Маалыматта Бишкек троллейбус башкармалыгы "Т" категориясы бар айдоочуларды өз жамаатына ишке чакыра турганы айтылат. Ал эми жаңыдан троллейбус айдоочусу болууну каалагандар №20 кесиптик лицейде акысыз курстан өтө алат. Окуу мөөнөтү 6 айды түзөт.

Курсту аяктагандан кийин расмий ишке орноштурууга жана татыктуу эмгек акыга кепилдик берилет. Муктаж болгондор үчүн окуу жайда акысыз жатакана менен да камсыздалат.

№20 кесиптик лицей Бишкек шаары, Купянский көчөсү, 30 А дарегинде жайгашкан. Байланыш телефондору: 0550 220 173.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: