Кеңешбай Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгынан кетти
Кеңешбай Тайлаков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу Тайлаков өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.
Ал белгилегендей, кызматтан кетүү боюнча арызын 14-августта жазган. Ошондой эле ал билдирүүсүндө ведомстводо аткарган иштери тууралуу да айткан.
"Урматтуу достор, кадырлуу мекендештер, 14-августта министрлер кабинетинин төрагасынын 402-тескемесине ылайык, берген арызымдын негизинде кызмат ордумдан бошодум. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жетекчи болуп иштөө учурум дүйнөлүк экономикалык өзгөрүү шарттары менен кошо, баалардын темпинин кескин өзгөрүү кырдаалына туш келди. Ошондуктан бир топ жаңы механизмдер менен иштөөгө туура келди. Эң негизгиси ички рынокто коңшу мамлекеттердей тартыштыкка жол берген жокпуз. Кырдаалды эске алуу менен жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыктык. "Баа түзүү мыйзамы" Жогорку Кеңеште үч окуудан кабыл алынып, мамлекет башчыбыз кол койду. 2023-жылдын 18-июлунан тарта күчүнө кирди. Жетекчи болгон эки жыл аралыгында Монополияга каршы орган тарабынан мамлекеттик бюджетке 500 миллионго жакын акча каражаты чегерилди", - деп жазды ал.
Эске салсак, Тайлаков 2022-жылдын февралында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

