super.kg logo

Сузакта адам тоноого жана күч колдонуп коркутууга шектелгендер кармалды

 
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда адам тоноого жана эркиндигинен мыйзамсыз ажыратууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ушул жылдын 16-август күнү Ош облусунун Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылган. Анда 7-августтан 8-августка караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагында аны Өткүр, Алмаз, Байэл, Арзыбек аттуу балдар бети-башына жана денесинин ар кайсы жерлерине урушкан. Күч колдонуп автоунаага салышып, 3 миң 500 сом акчасын тартып алышканын айткан.
"Андан соң 13-августта саат 11:00гө чейин аны Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Атабеков айыл аймагына караштуу бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылып, ур-токмокко алышкандарын билдирген.
Аталган маалымат 16-августта Сузак РИИБинин электрондук журналына катталып, 17-августта Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренесинин (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Сузак РИИБинин оперкызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштын бети ачылып, кылмышка тиешеси барлар аныкталган. Алар Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылат анда.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б, ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М уулу А жана 2000-жылы туулган А.А жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кабарланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: