Баткенде күз-кыш мезгилине даярдык иштери кызуу жүрүүдө
Баткен электр тармактар ишканасынын күз-кыш мезгилине даярдыгы кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында электр тармактарында жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин төмөндөгүдөй бир катар жумуштар аткарылды.
- 220, 110, 35 киловатт көмөк чордондор 41 даана жана 220,110, 35 киловатт аба чубалгылардан 732 километр техникалык тейлөөдөн өтсө, 220,110,35 киловатт көмөк чордондордун 3 даанасы жана 220,110,35 киловатт аба чубалгыларын 178 чакырым толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
- 6-10-0,4 киловатт трансформаторлордун 997 даанасы техникалык тейлөөдөн өтсө, 175 даана трансформатор капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Белгилей кетсек, Баткен электр тармактар ишканасы 2023-жылдын ноябрь айына чейин пландалган оңдоп-түзөө иштерин толугу менен аткарат.


