super.kg logo

Бишкекте бир катар акча алмаштыруу жайлары жабылды

 

Бишкекте бир катар акча алмаштыруу жайлары жабылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Кабарлангандай, жабылган бюролордо мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол берген. Ошентип төмөнкү банктардын лицензиялары токтотулду:

17-августтан тартып 26-августту кошо алгандагы мезгил аралыгына:

— Бишкек шаары, 7-кичи району, 37/2-үй, «Сеул Плаза» соода борбору, 01-соода жайы дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Азия Трэвэл» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 6394 лицензиясы;

— Бишкек шаары, Садырбаев көчөсү, 107 «Фрунзе» СБ дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «ДИМ ПРОФИ» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 2-октябрындагы № 6009 лицензиясы;

— Чүй областы, Панфилов району, Чалдыбар айылы, Ленин көчөсү 51-үй дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ислам КЭШ» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 22-июлундагы № 6173 лицензиясы;

— Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү 96А дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «БаРаКа-финанс М» алмашуу бюросунун 2022-жылдын 18-августундагы № 6342 лицензиясы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: