Ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында волейбол боюнча мелдеш өттү








Ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште Ош облустук ички иштер башкармалылыгынын командасы 1-орунду ээледи.
Белгилүү болгондой, экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы алса, үчүнчү орунду Бишкек ШИИББинин командасы багындырды.
Достукту жана кызматкерлер ортосунда ынтымактыкты бекемдөө максатында уюштурулган иш-чара Баткен облусунда 16-17-август күндөрү кызмат учурунда каза болгон милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулду.
Мелдеште катышкан кызматкерлердин жеңүүчүлөрүнө кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Чемпионаттык турнирге республика аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жалпы болуп 11 команда катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.