super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттө статистикалык маалыматтарды чогултуу маселесине байланышкан жыйын өттү

 

Бүгүн, 18-августта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Чүй облусунун Москва районунун мисалында ар кандай тармактар боюнча статистикалык маалыматтарды чогултуу маселесине байланышкан жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйынга Экономика жана коммерция министрлиги, Улуттук статистика комитети, Салык кызматы, Москва райондук мамлекеттик администрациясы, Москва райондук электр тармактар ишканасы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Төрөбаев мамлекет кандай багытта бара жатканын статистикалык маалыматтардан улам билүүгө болорун белгиледи.

Республикалык деңгээлдеги ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрүн түзүү айыл аймактарынын деңгээлинде маалыматтарды чогултуудан башталат. Ошондуктан Улуттук статистика комитети, тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар биргелешип эсептелген маалыматтардын камтылышын, толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуусу зарыл”, - деди ал.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин белгилешинче, маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында анын сапатын контролдоо жана тактыгына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлөт.

Отурумдун жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик органдарга статистикалык маалыматтарды чогултуунун жаңы ыкмаларын колдонгон пилоттук долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: