Бишкекте маршруткадан өспүрүмдүн акчасын тартып алууга шектелген жаран кармалды
Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалымдалгандай, 16-август күнү милицияга Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында түнкү саат 23:00 чамасында кичи автобустун биринде анын жашы жете элек инисинин сумкасынан 4 500 сом акча каражатын ээлеп алган белгисиз адамга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, шектүү катары 2003-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.