super.kg logo

Бишкекте мектептердин айланасындагы жол белгилери жаңыланууда (сүрөт) 

 

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелердеги жол белгилерин жаңылоодо. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, ишкананын бригадасы Ленин районунун аймагындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду ак - кызгылт-сары түскө боёп баштады.

6 адамдан турган топ төмөнкү объектилерде иштеп жатышат:


- Гагарин көчөсү, №84 орто мектеп;
- Ашар көчөсү, №77 орто мектеп;
- Каховская көчөсү, №7 орто мектеп;
- Лущихина көчөсү, №59 орто мектеп;
- Алыкулов көчөсү, №42 орто мектеп;
- Ремесленая көчөсу, №74 орто мектеп ;
- Гагарин көчөсү, №55 орто мектеп ;
- "Ак Ордо" жаңы конушу № 96 орто мектеп;
- Интергельпо көчөсү, №50 орто мектеп;
- Павлов көчөсү, № 31 орто мектеп ;
- Жаш Гвардия бульвары №8 орто мектеп;
- Орок көчөсү, №90 орто мектеби;
-Миң-Куш көчөсү, №93 орто мектеби;
- Гагарин көчөсү, №25 орто мектеп.

Ленин районунун аймагындагы окуу жайлардын айланасындагы жол белгилерин жаңылоо аяктагандан кийин Октябрь районуна өтүшөрү кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: