Бишкекте мыйзамсыз курулган 38 объект алынды
Бишкек шаарында мыйзамсыз курулган имараттарды алуу иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 14-августтан 17-августка чейин өз билемдик менен курулган курулуштарды, эскиздик долбоорго ылайык келбеген кирүү топторун, ошондой эле муниципалдык аймакта мыйзамсыз тургузулган имараттарды бузуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.
Төрт күндүн ичинде башкармалык тарабынан 38 объект демонтаждалды.
Алардын ичинен Айтматов проспектиси боюнча жеңил конструкциядагы 15 объект, Чүй проспектиси боюнча 3 объект, Байтик Баатыр көчөсү боюнча 2 объект, эскиздик долбоорго ылайык келбеген 11 жарнамалык конструкция жана кирүү топтору демонтаждалган.
Ошондой эле Северная көчөсү, №1 дарегинде 15х5 чарчы метр өлчөмүндөгү бастырма, №12 кичи районунда 2 шлагбаум жана Көк-Жар кичи районунда Молдокулов көчөсү боюнча 1 темир тосмо алынды.
Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменттинин катынын негизинде Чүй - Шопоков жана Абдрахманов - Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 жарнамалык конструкция алынды.

