Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды
Кечээ, 18-августта ИИМдин коллегиясынын кезексиз жыйынында ички иштер министринин буйругу менен Бишкек ШИИББинин башчысы кызматына Азамат Токтоналиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинен билдирди.
Милициянын полковниги Азамат Токтоналиев буга чейин Талас ОИИБинин башчысы кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, УКМК 5 милиция кызматкерин кармаган окуяга байланыштуу бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду.
17-августта УКМК синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген деген шек менен 5 милиция кызматкери кармалганын маалымдаган.
Андан көп өтпөй ИИМ бул боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген. Кечээ министрлик аталган окуяга байланыштуу 18 жетекчи жазаланганын маалымдаган.
Анда айтылгандай, алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулса, калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулган.






1 |