УКМК 5 милиция кызматкерин кармаган окуя: Кызматтан айдалгандардын ордуна жаңы жетекчилер дайындалды (тизме)
ИИМде УКМК 5 милиция кызматкерин кармаган окуяга байланыштуу кечээ, 18-августта кызматтан алынган жетекчилердин ордуна жаңы жетекчилер дайындалды.
Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, ИИМдин коллегиясынын кезексиз жыйынында ички иштер министринин буйругу менен төмөндөгүдөй кадрдык өзгөрүүлөр болду:
- Милициянын полковниги Мыктыбек Болушев ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББинин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалды;
- Милициянын полковниги Азенбек Козукеев Талас ОИИБинин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын башчысы кызматына дайындалды;
- Милициянын полковниги Ассрор Тантиев Талас ОИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкармалыктын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалды;
- Милициянын полковниги Азамат Токтоналиев Талас ОИИБинин башчысы кызматынан бошотулуп, Бишкек ШИИББинин башчысы кызматына дайындалды.
Буга чейин УКМК 5 милиция кызматкерин кармаган окуяга байланыштуу бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулганы маалым болгон.
Эске салсак, 17-августта УКМК синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген деген шек менен 5 милиция кызматкери кармалганын маалымдаган.
Андан көп өтпөй ИИМ бул боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген. Кечээ министрлик аталган окуяга байланыштуу 18 жетекчи жазаланганын маалымдаган.
Анда айтылгандай, алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулса, калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулган.

