super.kg logo

Жер мунапысы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү

 

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги астында райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жер амнистиясын өткөрүүдө көмөк көрсөтүү жана усулдук жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги отуруму видео байланыш аркылуу болуп өттү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арыз ээлерине – өлкөнүн жарандарына жер тилкелерине менчик укугу жөнүндө мамлекеттик күбөлүктөрдү берүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчёттору угулду.

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө бир катар мамлекеттик органдардын арасында өлкө жетекчилигинин жерге мунапыс берүү боюнча тапшырмаларын өз убагында аткарбоо фактылары, ошондой эле жерге жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар эң аз чыгарылган аймактар аныкталды.

Айбек Жунушалиев президент Садыр Жапаровдун жерге мунапыс берүү боюнча саясатын натыйжалуу ишке ашырууга тоскоол болгон бардык тоскоолдуктарды жоюу же жөнөкөйлөштүрүү боюнча зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө берилген тапшырмаларды өз убагында аткарбагандыктан ишинин өтө төмөн натыйжаларына ээ болгон мамлекеттик органдардын жетекчилери өлкөнүн мыйзамдарына ылайык катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелине карата 4 миң 410 мамлекеттик акт жана 13 миң 625 техникалык паспорт берилип, быйылкы жылдын акыркы 4 айында (май-август) республика боюнча жарандарга жерге жеке менчик укугуна 16 миң 55 мамлекеттик акт жана өз билемдик менен курулган турак жайларга 16 миң 783 техникалык паспорт берилген.

Алсак, акыркы 4 айда мамлекеттик актыларды чыгарууда 264,1 пайызга (11 миң 645) олуттуу өсүш байкалды.

Жыйындын жыйынтыгында Айбек Жунушалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга жер амнистиясын аяктоо жана жер тилкелерине документтерди берүү процессин тездетүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: