Бүгүн автобус, троллейбустар накталай акча алууну токтотту. Кантип төлөсө болот?
Бишкек мэриясы бүгүн, 20-августтан тарта троллейбус жана автобустарда жол киреге накталай акча кабыл алынбай турганын эскертти.
Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр "Тулпар" транспорттук карталарын, же болбосо Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ карталарын колдонсо болот.
"Виртуалдуу NFC картасы, "Тулпар" жана Balance, Mbank, Megapay тиркемесинде QR сканерлөө аркылуу да төлөм аткара алышат", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: "Тулпар" карталарын О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, "Кыргызпочтасы" ААК филиалдарынан, "Тулпар" тейлөө борборлорунан, троллейбус, автобус айдоочуларынан сатып алса болот. Картанын баасы 50 сомду түзөт.
Убактылуу акциянын алкагында 20-августтан тарта айдоочулардан сатып алууда картанын баасы бир жолку бекер жол жүрүү менен 30 сомду түзөт.




