super.kg logo

Кыргызстанда 30-августтан баштап милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп баштайт

 

Бүгүн, 21-августта Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

"10-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын бир мандаттуу округдан шайлоо болот. Буга чейинки шайлоо өнөктүгүндө добуш сатып алуу фактылары аныкталгандыктан жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Добуш сатып алуу, элге туура эмес ой-пикирлерди жайылтуу жана жалпы шайлоо мыйзам бузууларын болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлсүн.
Жогоруда аталган бардык талаптарды, күнүгө эртең менен болуп өтүүчү нускамаларда өздүк курамга айтып, ички иштер органдары саясатка жана жагымсыз көрүнүштөргө аралашпай турганын, өлкөнүн коопсуздугу менен элдин тынчтыгын сактоого милдеттүү экендигин так жеткирип коюңуздар.
Ар бир иш-чара болуп өтүүчү аймактарда жарандардын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу, жаш балдардын дайынсыз жоголуп кетүүсүнө бөгөт коюу, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо боюнча иш-милдеттер белгиленди. Бардык жетекчилер, берилген тапшырмалардын негизинде жүктөлгөн милдеттерди аткарууну колго алыңыздар.
Массалык маданий иш-чаралар болуп өтүүчү жерлерди коомдук коопсуздук кызматы менен алдын ала такташып, тиешелүү мамлекеттик органдар, өзгөчө кырдаалдар, медицина бөлүмдөрү, жергиликтүү администрациялардын жетекчилери менен бирге иш алып барыңыздар. Кызматкерлердин тартибине, кийип жүргөн формасына, сырткы келбетине жана аткарган ишмердигинин ырааттуулугуна өзгөчө көңүл бурулсун.
Элге ыкчам жана сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, 28-август күнү баардык ички иштер бөлүмдөрүндө башкармалыктарда саптык кароолор жүргүзүлүп, коомдук тартипти сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулсун.
30-августтан баштап, жалпы ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлүп, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда кызматтык милдеттерди аткаруу жогорку деңгээлде ишке ашырылсын", - деген Ниязбеков.
Ошондой эле ал жыйында кызматын так аткарбаган милиция кызматкерлерине карата катаал чаралар көрүлөрүн дагы бир жолу баса белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: