АКШ президенти Борбор Азия лидерлери менен саммит өткөрөт

АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия лидерлери менен саммит өткөрөт. Иш-чара сентябрь айына пландалган. Бул тууралуу Жо Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге жолдогон катынын текстинде айтылганын басылмалар жазышууда.
"19-20-сентябрда сиз башка лидерлер менен бирге коопсуздук, экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы жалпы максаттарыбызды мындан ары биргелешип алдыга жылдыруу жолдорун талкуулоо үчүн С5+1 форматындагы расмий жолугушууга катыша аласыз деп ишенем", - деп жазган Байден.
C5+1 жумушчу топтору экономика, энергетика жана экология, коопсуздук сыяктуу тармактар менен алектенет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

