Чолпон-Атада 2 күнгө созулган "Мейкин Азия" III фестивалы жыйынтыкталды










Кечээ, 20-августта Чолпон-Ата шаарында 2 күндөн бери өтүп жаткан "Мейкин Азия" III эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, эл аралык деңгээлде күч сынашкан фестивалдын салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи жана гала- концертине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильязбек Иманбетов, фестивалдын калыстар тобу жана кеңири коомчулук катышты.
"Жабылыш салтанатта Алтынбек Максутов, төгөрөктүн төрт бурчунан келген таланттуу ырчылар өлкөнүн ар-намысын татыктуу коргоп, III Эл аралык “Мейкин Азия” фестивалын жаркын каармандары боло алганын белгиледи.
Ал эми Эдиль Байсалов Кыргызстанда негизделген “Мейкин Азия” эл аралык фестивалынын сапары байсалдуу болушун, көл жээгине чогулган дүйнө жүзүнөн келген жаш таланттардын чыгармачылыгына ийгилик каалап, популярдуу музыка аткаруучулардын аянтчасы кеңейе беришин айтты.
Ошондой эле ал фестивалдын негиздөөчүсү ошол кездеги маданият министри, азыркы “Түркой” эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раевге ыраазычылык билдирип, жаш аткаруучулар үчүн түзүлгөн жагымдуу маанай, ойлоп табылган долбоордогу эл аралык алака алар үчүн көпүрө экенин, көптөгөн таланттардын чыгармачылыгына дем бере турган долбоор экендигине өзүм күбө болдум деп кошумчалады", - деп жазылат анда.
Андан соң салтанаттуу сыйлоо аземи башталып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана диплом, баалуу белектер менен сыйланган.
Иш- чаранын жүрүшүндө атайын түзүлгөн эл аралык калыстар тобуна Маданият министрлигинин ыраазычылык каттары тапшырылды.
"Салтанаттуу иш чаранын концерттик бөлүгү жеңүүчүлөрдүн ыры, заманбап кийимдердин дефилеси менен коштолду.
Ал эми, кеченин жыйынтыктоочу бөлүгү атайын чакырылган "Arabesque" жана "Joy" топтоунун концерттик программасы менен аяктады", - деп жазылат маалыматта.
Иш- чараны Улуттук телерадиоберүүкорпорациясы жана Түркиянын ТРТ Аваз каналы түз эфирде чагылдырып, 25 өлкө көргөнү кабарланат.




