Бишкектен орусиялык боксчуну өлтүргөн деген шек менен Орусиянын жараны кармалды
ИИМдин Кылмыш
иликтөө башкы башкармалыгы менен Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук
бюросунун кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Орусия Федерациясынын жаранын
кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда аталган министрликтин басма сөз
кызматы билдирет.
Автор: Темирбек Матаев
Кармалган Ян
Лебедев бокс боюнча Орусиянын курама командасына кирүүгө талапкер Иван Климовду
өлтүргөн деген шек менен айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн.
Белгилей кетсек, ушул
жылдын 4-мартында Омск шаарындагы “Ангар” спорттук клубунун жанынан Иван Климовду
атып кетишкен. Жаракат алган спортчу ден соолугун
калыбына келтирип, кайрадан машыга баштаган эле. Кылмышка шектүү делген адам
изин жашырып кеткен.
Арадан 9 ай өткөн
соң Иван Климовго экинчи ирет кол салуу болуп, бул ирет Орусиянын мыкты
спортчусу бычак мизинен алган жарааттан улам көз жумган. Кылмыш иши кайрадан
иликтенип, шектелген адамдарды издөө башталган. Алтургай Омск шаарынын
тургундары да ОФнын президенти менен премьер-министрине кат менен кайрылышып,
сүйүктүү спортчусун өлтүргөн адамдарды жазалоону колго алуусун өтүнгөн. Жыйынтыгында Орусиянын
жогорку кызматтагы чиновниктеринин бири айыпталуучуну табуу иштерин көзөмөлгө
алган. Аны кармоого Интерпол киришкен.
Натыйжада ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен
Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин
биргелешип иш алпаруусунун жыйынтыгында 1990-жылы туулган Ян Лебедев Бишкектин борбордук
көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен кармалган. Аны тинтүүгө алганда КРнын жарандыгын
тастыктаган паспорт (башка ат менен) жана айдоочулук күбөлүк табылып, аз күндүн ичинде Европага кетүүгө камынганы белгилүү болгон. ИИМдин маалыматына караганда, анын күнөөсү далилденип, Орусияга экстрадициялоо маселеси каралып
жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(6)
33SUUN

13.12.2013. 15:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда паспортту любой паспортстолдо сатылаарын билип Бишкеке барган да.Эми ошол паспорт берген орган да сурака алынат по закону.
aziz1990

13.12.2013. 15:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын паспорту менен россияда андижандын жарымы журот десе еч бир моюнга албайсынар мына далил
bey

13.12.2013. 15:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aziz1990, бир эле Андижан эмес,тажикстан,дагестандар,грузиндер,чечендер ж.б деле журот
Bagirra

13.12.2013. 15:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лебедевди кармагандарга Россия 1миллион рубль берилет деп аткан, ырас Европага учайын дегенде кармашкан турбайбы.
erkin-by

13.12.2013. 18:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанылбасам откондо орустардын пусть говорят деген передачасынан корсоту беле?
algajawoo

14.12.2013. 02:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан наш общий дом
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.