super.kg logo

Түркияда жүргүнчү автобусу оодарылып, 12 адам каза тапты

 

Түркиянын Сивас шаарынан Стамбулга бараткан жүргүнчү автобусу каршы тилкеге ​​чыгып, 30 метрлик тосмого оодарылып кетти. Кырсыктан 12 адамдын каза тапканын түркиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 21-августка караган түнү болгон. Анда 31 жүргүнчүнү ташыган автобус оодарылып кетип, 12 адам каза тапкан жана 19 адам ооруканага жеткирилген.

"Йозгат облусунун Соргун районунда жүргүнчү ташыган автобус аңга кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болуп, 19 адам жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, 11 адам окуя болгон жерде каза тапса, бир бейтап ооруканада көз жумган. Ал эми жабырлануучулар Соргун шаарынын мамлекеттик ооруканасына жаткырылган, экөөнүн абалы оор деп бааланууда. Учурда кырсыкка байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатканы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: