super.kg logo

Бишкекте бир жума ичинде 6 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды

 

Бишкекте бир жума ичинде 6 миңден ашуун жол эрежеси бузулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 11-августтан 17-августка чейин Бишкек шаарынын айланасында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында 6 миң 307 жол эрежеси бузулганы аныкталды.

Алардын ичинен:
- 32 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
- 133 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн;
- 26 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн;
- 76 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;
- 3383 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
- 379 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн;
- 691 жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
- 835 мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
- 1131 башка бузуулар;
- 749 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулган.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: