super.kg logo

УКМК чеченстандык активист Мансур Мовлаев эмне себептен кармалганын түшүндүрдү

 

Бүгүн, 21-августта УКМКнын басма сөз кызматы мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны Ысык-Көл облусунан кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-августта эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында радикалдык идеологияны карманган, былтыр 16-августтан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган М.М.М. аттуу Орусиянын жараны Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды,

"Ал Сириядагы ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча ЭТУну каржылоо максатында, Кыргызстандагы колунда бар жарандарга бир катар каракчылык кол салууларды жасоо ниетинде Кыргызстандын аймагында мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды.

Ал 2023-жылдын январь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу жарандын атына Орусиянын жаранынын жасалма паспортун колдонуп, өлкө аймагында жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Чеченстандан келген жарандык активист Мансур Мовлаев УКМК тарабынан кармалганын билдирген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.08.2023. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диктатордун колудан качып, Кыргызстан адам укугун сыйлаган демократиялуу өлкө деп баш калкалоо үчүн качып келген адамды тутуп кайра диктатордун колуна салып берген Кыргызстан эмне деген өлкөгө айландык??? Акырындык менен бизда өз оюн ачык айталбаган диктатордук өлкөгө айланып бараткандайбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: