super.kg logo

Базар-Коргондо 34 жаштагы киши өз үйүндө киши колдуу каза тапты. Окуянын чоо-жайы

 

Базар-Коргондо адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-августта саат 08:25 чамасында Базар-Коргон РИИБине 21 жаштагы тургун кайрылып, үйүнүн алдындагы сөрүдө 34 жаштагы тууганынын жансыз денеси жаткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча Базар-Коргон РИИБинин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, жансыз дене материалга оролгон абалда жаткандыгын көрүшкөн.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыш иши изи сууй электе ачылып, шектүү катары Базар-Коргон шаарынын тургуну 1974-жылы туулган А.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө адам өлтүрүү фактысы спирт ичимдигин ичүүдөн улам келип чыккандыгы белгилүү болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: