super.kg logo
  Саясат  

Шакиев АКШнын сенатору менен виза алуу шарттарын жеңилдетүү маселесин сүйлөштү

 

Бүгүн, 21-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) сенатору Гэри Питерс менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеш АКШнын Конгресси менен ар тараптуу алаканы арттырууга кызыкдар экендигин белгилеп: “Сиздин бул иш сапарыңыз мындан аркы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзүп, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө көмөкчү болот деген ишеничтемин. Анткени мамлекеттер аралык алаканы өнүктүрүүдө, парламенттердин салымы өтө чоң”, – деди.

Муну менен катар соода-экономикалык мамилелерди да алдыга жылдыруу артыкчылыктуу багыт экенин айткан төрага билим берүү да жаатында кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.

Биздин жарандар, айрыкча жаштар АКШнын алдыңкы окуу жайларынан билим алууга ынтызар. Андыктан тиешелүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, виза алуу шарттарын жеңилдетүү маселесине көңүл бурууга чакырам”, – деди ал.

Өз кезегинде Гэри Питерс жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле мамлекеттер аралык байланышты, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты талкуулоо үчүн Борбор Азия мамлекеттерине жасаган бул иш сапары Кыргызстандан башталганын баса белгиледи.

“АКШ Кыргызстан менен байланышты өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар. Ага ылайык, бул жолугушуубузда көтөрүлгөн бардык сунуш-пикир биз үчүн өтө маанилүү”, – деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: