super.kg logo

Кыргыз альпинисттери Япониянын эң бийик жери Фудзиямага чыгышты

 

Кыргыз альпинисттери Япониянын эң бийик жери Фудзиямага чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Кыргызстандын альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ага ылайык, 20 катышуучудан турган "Kyrgyz Exped" командасы Япониянын эң бийик жери болгон Фудзиямага ийгиликтүү чыгышты.

Анын айтымында, тоого көтөрүлгөн түнү чокуга чейин 2 миң 400 метр бийиктиктеги маршрут жабылып, эң татаал Gotomba жолу менен чокуга чыгууга туура келген.

"Биз түнү менен 1 миң 430 метр бийиктиктен түшүп, катаал жол менен 3 миң 800 метр бийиктикке карай басып жүрдүк. Бир түндө Кыргызстандын командасы 2 миң 400 метр тик көтөрүлүп, 15 чакырымдан ашык жолду басып өттү.

Жалпысынан алганда, Фудзияма бизге чоң сабак берди. Акыры, 21-август күнү таңга маал 20 кыргызстандык биздин кызыл туубуз менен ак калпак кийип, чокуда күндүн чыгышын биринчилерден болуп тосуп алышты", - деп жазды Кубатов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: