Бишкектин Бердибаев көчөсү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы Бердибаев көчөсүн Шералиев көчөсүнөн Садыбакасов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо үчүн жапты.
Ага ылайык, Арча-Бешик конушундагы жаңы жолго тротуар жана сугат лотоктору орнотулат.
Белгилей кетсек, жолдун узундугу 310 погон метрди, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метрди түзөт.