super.kg logo

Иран ТИМи Дания менен Швециянын убактылуу ишенимдүү өкүлдөрүн чакыртты

 

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегерандагы Дания жана Швециянын убактылуу ишенимдүү өкүлдөрүн Куранга кол салуулар уланып жатканына байланыштуу чакыртты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аталган өлкөнүн ТИМи Дания менен Швециянын ишенимдүү өкүлдөрүнө Куранга карата урмат-сыйсыз аракеттерге Ирандын каршылыгы айтылды.

"Анда Куранга жана Исламдын ыйык китептерине каршы кайталанган аракеттерди Ирандын катуу айыптаганы белгиленди. Ошондой эле убактылуу ишенимдүү өкүлдөргө Куранга акаараттын оор кесепеттери жана бардык жоопкерчилик Швеция менен Дания өкмөттөрүндө экени эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми даниялык жана швециялык дипломаттар Ирандын каршылыгын өз өлкөлөрүнө билдирерин айтышты.

Эске салсак, буга чейин Швецияда Куран китебин өрттөгөн акция бир нече ирет уюштурулган. Курман Айт күнү Стокгольмда Куран китеби теги ирактык жаран тарабынан өрттөлгөн. 31-июлда Швециянын борбору Стокгольмдогу Минтторгет аянтында кайрадан Куран китеби өрттөлгөн. Ага чейин 20-июлда ирактык Салван Момика менен Салван Нажем Ирак элчилигинин алдында Куран китебин тебелешсе, 28-июнда шаардык полициянын уруксаты менен Стокгольмдогу мечиттин жанында Ыйык китепти өрттөшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: