super.kg logo

Жалал-Абад ОИИБинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

 

Бүгүн, 21-августта Жалал-Абад ОИИБинде жаӊыдан кызматка дайындалган кызматкерлер өздүк курамга тааныштырылып, атайын наам жана медалдар тапшырылды.

Облустук милициядан билдиргендей, ички иштер министринин буйругунун негизинде төмөндөгүдөй кадрдык өзгөрүүлөр болду:

- милициянын подполковниги Нурлан Озгонов Аксы РИИБинин башчысынын орун басары,

- милициянын подполковниги Алмазбек Самидинов Жалал-Абад ШИИБинин башчысынын орун басары,

- милициянын подполковниги Кубат Сатыбалдиев Базар-Коргон РИИБинин башчысынын орун басары,

- милициянын майору Асан Камчыбек уулу Токтогул РИИБинин башчысынын орун басары кызматына дайындалды.

Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Тилек Борбуевге милициянын подполковниги атайын наамы ыйгарылды.

Мындан сырткары эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырган кызматкерлер медаль, диплом, баалуу белектер жана Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын ыраазычылык каты менен сыйланышты.

Облустук милициянын жетекчиси Жеӊишбек Абитов кызматка дайындалган кызматкерлерди жана сыйлык ээлерин куттуктап, элибиз үчүн ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: