1-сентябрдан тарта мектеп директорлору менен завучтардын айлыгы көбөйөт
Өлкөдө 1-сентябрдан тарта мектептердин директорлору менен окуу бөлүмүнүн башчыларынын (завуч) айлыктары 50 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, мурда 13 жылдык стажы бар 100-600 окуучу билим алган мектеп директору 19,1 миң алса, эми 28,7 миң сом болуп көбөйдү. 1800дөн ашык окуучусу болсо 35 миң сомго чейин жетет.
Эмгек акыны жогорулатуу үчүн жылына 549 миллион сом, быйылкы жылдын 1-сентябрынан тарта 183 миллион сом талап кылынат.
Белгилей кетсек, буга чейин сентябрь айынан баштап директорлордун, завучтардын жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын айлык акыларын жогорулатуу пландалып жаткандыгы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-02
8:37
2025-07-02
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.