super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров АКШ сенатору Гэри Питерсти кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШ сенатору, Сенаттын улуттук коопсуздук жана өкмөт иштери боюнча комитетинин төрагасы Гэри Питерсти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

"Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы жумушчу мүнөздөгү саясий мамилелердин өсүп жатканын жана эки тараптуу өз ара түшүнүшүү чыңдалып жатканын белгиледи.

Ал коопсуздук, демократия жана экономикалык өнүгүү маселелерине багытталган эки тараптуу күн тартиби мындан ары да конкреттүү мазмун менен толтурулат деген ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров сенатордун Кыргызстанга сапары парламенттер аралык кызматташууну активдештирүүгө түрткү берерине ишеним билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, америкалык сенатор Гэри Питерс мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана мамлекеттер аралык мамилелерди жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын белгилеп, мамилелерди өнүктүрүүгө, достукту чыңдоого кызыкдар экенин кошумчалады.

Гэри Питерс эки тарапты кызыктырган бир катар тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин айтты.

Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу багыттары боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: