super.kg logo

Кытайдын Сиань шаарында Кыргызстандын көргөзмө залы ачылат

 

Кытайдын Сиань шаарында “Улуу Жибек жолу” ири эл аралык туристтик көргөзмөдө инвестициялык долбоорлордун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду кабарлады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары, Туризм департаментинин башчысы Самат Шатманов баштаган расмий делегация Шэньси провинциясынын губернаторунун орун басары Сюй Минфэй менен туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады. Тараптар Бишкек менен Сиань шаарларынын ортосунда түз аба каттамдарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле көргөзмөдө Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен Сиань Xi’an Aerospace Investment Future Culture and Tourism Group тобунун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Тактап айтканда, Сиань шаарында "Кыргыз Республикасынын туризм көргөзмө залын" уюштуруу, ошондой эле Туризм жана ишкердик кызматташуу борборун түзүү болжолдонууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: