Казакстанда 11 адам дарыядагы сууга чөгүп кетти
Кечээ, 21-августта Казакстанда 11 адам дарыядагы сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя Түркстан облусундагы Сырдарыя дарыясында болгон. Анда 11 адам сууга чөгүп кеткен.
Куткаруучулар кечээ 8 адамдын жансыз денесин табышкан. Учурда 3 адамды издөө иштери жүрүп жатканы айтылууда.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11 адамдын 8и 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр экенин билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, чөгүп кеткендердин баары тыюу салынган жерде сууга түшүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.