Милиция комузчу Бектемир Төлөн уулу эмне себептен кармалганын айтты
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы комузчу Бектемир Төлөн уулунун кармалышы боюнча маалымат таратты.
Маалымдалгандай, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам тергөө амалдарынын негизинде Төлөн уулу Бектемир аттуу жаран Бишкек шаарынын ИИББнын ЭММКККнын тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын №8 шаардык милиция бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.
Кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланат", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Буга чейин Бектемир Төлөн уулунун кармалышы боюнча укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазып чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.