"Суу жок болсо эмнени берели". Кыргызстандык академик чек арада кезек жаралгандан кийин казакстандыктарга кайрылды
Буга чейин Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында оор жүк ташуучу унаалар сааттап кезекке туруп калганын, казак тарап 10 саатта араң 3 жүк ташуучу унааны өткөргөнү социалдык тармактарда айтылган.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары муну суу көйгөйү менен байлынышы болушу мүмкүн экенин жазышууда. Өз кезегинде Айыл чарба министрлигинин Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун директору, академик Улан Чортомбаев бул боюнча кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда ал Киров суу сактагычынын спутниктен тартылган жазындагы жана азыркы кездеги сүрөттөрүн жарыялады.
"Силер бажы постторунан биздин жүк ташуучу унааларды өткөрбөй, чек ара постторуңарда узун кезек күттүрүп койдуңар. Себебин «биз силерге суу бербей токтотуп койду» деп түшүндүрүп жатасыңар. Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык.
Өзүңүздөр көрүп тургандай, мына бул Киров суу сактагычындагы спутниктен алынган биринчи сүрөт жаз мезгилиндеги суу толуп турган кези. Экинчи сүрөт бүгүнкү акыбалы. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу баарын көрүп алсаңар болот. Ушул суунун түбүндө балыктар калды. Бул сууну агызып жиберсек балыктар өлүп жок болот. Балыктардын да жашоого акысы бар го акыры. Келгиле бири-бирибизге бөгөт койбостон бир туугандык мамиле менен ишибизди уланта берели. Чек араңарды жаппай, тескерисинче машиналарды тез-тез өткөрүп тургула. Эртең эле кайрадан сууга муктаж убакыт келип калат", - деди ал.

