Сентябрдан тарта салык төлөбөгөндөргө айып салына баштайт
Сентябрдан тартып унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөбөгөндөргө айып салына баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир, үй, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салыкты төлөө зарыл.
"Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.
Салыктарды өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом административдик айып салынат. Туум күн сайын салыктын суммасынын 0,09 пайыз өлчөмүндө эсептелет", - деп жазылат анда.
Салык кызматы административдик жоопкерчиликтен жана туумдарды эсептөөдөн качуу үчүн транспорт каражаттарынын, турак-жайдын жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салыктын тиешелүү суммасын өз убагында жана толук төлөөгө чакырат.
Ошондой эле кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болору кабарланат.


