#Азыр. "Күнүнө 50 миң сомдон жогору акча тапса болот". Учурдун кесиби байерлик тууралуу "эки сөз"
SUPER.KG порталында жаңы #Азыр аталышындагы түрмөк өз ишин баштады. Анда учурдун популярдуу кесиптери жана алардын ээлери тууралуу баяндалат. Алгачкы чыгарылышта өзгөчө соңку жылдары кулачын кенен жайып, трендге айланган байер кесиби тууралуу сүйлөшөбүз.
Кесиптин ысык-суугу, оң жана терс тараптары тууралуу бир топ жылдардан бери дал ушул тармакта жүргөн, калаадагы "Дордой" базарында байерлик кесибин аркалаган Нурданат Сатар кызы менен маектешебиз.
- Нурданат, саламатсызбы? Алгач байер деген ким экенин, ал кандай кызмат аткара турганын айтып берсеңиз. Анткени бул жаңы кесип, арабызда бул кесиптен кабары жоктор да болсо керек...
- Саламатчылык. Байер - бул керектүү товарды арзан баада кайсы жерден сатып алууну билген адам деп айтсам туура болот. Алар чет өлкөнүн базарларында иштеген соодагерлер менен биздин соодагерлер ортосундагы көпүрө деп айтсак да болот. Анткени чет жактарда соода-сатык менен алектенген адамдар биздин өлкөгө келип отурбай эле байерлерге байланышып, аларга буйрутма беришет. А биз болсо алар акча которгон соң керектүү буюм-тайымдардын баарын сатып, алардын өлкөсүнө салып жиберебиз. Товарды тандоодо чет жактагы кардарларыбыз менен интернет аркылуу байланышып, товарлардын сүрөтүп салып же видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, биргеликте макулдашабыз. Ал эми биз көрсөткөн кызматыбыз үчүн жөнөтүлгөн товарга жараша акча алабыз. Бул кызмат чет өлкөдөгү бизнесмендерге да ыңгайлуу болуп калды. Анткени мурда керектүү товарды алуу үчүн өздөрү келип, базар айланып убара болушса, азыр анын баарын бизге окшогон байерлер эле жасап калды. Бул албетте биздин мекендештер үчүн кошумча жумуш ордундарынын түзүлүшүн да шарттады. Мен бул тармакта жүргөнүмө 5 жылдын жүзү болуп калды. Байер деген термин пайда болгонго чейин эле чет өлкөгө, өлкөнүн башка аймактарына товар жиберчүмүн. Соңку убакта байер кесиби популярдуу болуп, ага кызыккандардын саны арбыды. Анын арты менен көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөгө барбай эле, өзүбүздүн мамлекетибизде эле жакшы суммадагы акча таап, үй-бүлөсүн багып жатышат.
- Бул тармакка кызыккандардын саны көп болгонуна караганда байерлер жакшы акча табышат окшойт..?
- Туура айтасыз, байерлик аркылуу чоң суммадагы акча каражатын тапса болот. Биздин өлкөдө байерлик эң кирешелүү кесиптердин катарында турат. Бир күндө эле эгерде жакшы буйрутма болсо 50 миң сомдон жогору акча таап койсо болот. Байрелер айына мынча сом табат деп айтууга болбойт. Анткени биздин пайда буйрутмадан жана өзүбүздүн аракеттен көз каранды. Байерлердин арасында айына эле миллион сом кирешеге чыккандар да бар. Бул кесиптин артыкчылыктуу жактары арбын. Мисалы, эртеден кечке жумушта жүрүүнүн кереги жок. 3-4 саатка эле базарга барып, өзүңдүн жумушуңду жасап бүткөн соң кетип калсаң болот.
- Бул кесиптин дагы башка кандай артыкчылыктуу тараптарын атай аласыз?
- Бул тармакка аралашкандан кийин бир гана товар жиберүү менен гана алектенбестен, онлайн магазин ачып жеке бизнесин түптөп кетсе болот. Азыр байерлердин көпчүлүгү интернет магазинин же жеке дүкөнүн ачышкан. Бул кесиптин дагы бир уникалдуулугу бир сом акча салбай эле сонун бизнес түптөп алса болот. Негизгиси буга чейин айтып кеткенимдей, иштеп турсаң эле дайыма жаныңда акча каражатың болот. Эч кандай айлыкты күтпөйсүң, офиске барып эртеден кечке отуруу керек дебейсиң (жылмайып).
Байер болом дегендер атайын курстардан окуп эле, бул кесипти өздөштүрүп кетсе болот. Бирок окуганда маани берип карап, чын эле бир нерсе үйрөтө ала турганын тандаш керек деп ойлойм. Мен муну эмнеге айтып жатам. Анткени бизде байерлик боюнча курстардын саны аябай көбөйүп кетти. Бул тармакка жаңыдан аралашканы деле, бул тармакты жакшы үйрөнбөй туруп, окутам деп чыгып жатышат. Андыктан байердин курсун тандаганда сөзсүз анализ жасап, анан окуңуздар демекмин.
- Биздин байерлер кайсы өлкөлөр менен иштешет?
- КМШ мамлекеттери менен түздөн-түз кызматташат. Көбүнчө Орусия, Казакстан менен жакшы иштешебиз. Өзбекстандын булуң-бурчуна да жиберебиз. Алар бизди социалдык тармактар аркылуу табышат. Ошондуктан жеке баракчаларыбызды да активдүү иштеткени аракет жасайбыз. Алар дагы көрүп эле, ишенип, акча каражатын которушу үчүн. Демек, бул кесиптин ээлери байер эле болбостон блогер да болушу керек. Дагы бир маанилүү нерсе, байерлер бир гана чет өлкөгө эмес, Кыргызстандын булуң-бурчунда иштеген соодагерлер менен да тыгыз иштешишет. Алардын буйрутмаларын да аткарабыз.
- Байер болуу үчүн эмнелер маанилүү?
- Биздин кесип коммуникабелдүүлүктү талап кылат. Бул кесипке болгон кызыгуу да маанилүү. Жөнөкөй болуп, адам менен бат тил табышса иши бат жүрөт. Анан албетте, сабырдуу, аракетчил болушу керек. Анткени кардар кээде болот, кээде болбойт, кээде жиберген товарларыңды жаратпай кайра жиберишет. Оң тараптары менен кошо оорчулугу да бар. Алардын баарына чыдаса, жакшы кирешеге чыга алат. Дагы бир маанилүү нерсени кошумчалай кетейин. Байерлердин арты менен Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция, бизде тигилген кийимдер чет өлкөнүн базарларына көбүрөөк чыгып калды. Бул дагы чоң жетишкендик деп эсептейм. Буюрса, бул тармак дагы да кулачын кеңейтип, алдыда жаңы жетишкендиктерге жетебиз деп ишенем.
- Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!
кошулду


