super.kg logo

Ички жер которгон нигериялыктар гуманитардык жардамга муктаж

 

Нигерияда коопсуздук көйгөйлөрүнүн күчөшүнөн улам ички жер которгон 3,5 миллиондон ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Гуманитардык иштер, табигый кырсыктарды башкаруу жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы катчысы Насир Сани-Гварзо өлкөдө, өзгөчө түндүк провинцияларда күчөгөн коопсуздук көйгөйлөрүнүн гуманитардык кризиске алып келгенин белгиледи.

Анын айтымында, коопсуздук көйгөйлөрүнөн улам өлкө ичинде жер которгон 3,5 миллиондон ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж.

"Үй-бүлөлөр көбүнчө тамак-аш, баш калкалоочу жай, суу, коргоо жана жашоо каражаттары сыяктуу курч муктаждыктар менен күрөшүшөт", - деди ал.

Өлкөдөгү гуманитардык кризистин кооптондурганын баса белгилеген Сани-Гварзо өкмөт менен гуманитардык уюмдардын кийлигишүү аракетин эки эсеге арттырганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Нигерия акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы аймактарында террордук уюмдар Боко Харам жана ISWAP, ошондой эле куралдуу бандалардын кол салуулары менен күрөшүп жатат.

Өлкөдө күчөгөн коопсуздук чабуулдарынан улам жүз миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: