"Экинчи көзгө өткөрбөш керек". Рак илдетине кабылган 7 жаштагы Умар тез арада операцияга муктаж
Бишкек шаарынын тургуну 7 жаштагы Умар Исмаилов сөөк чучугунун клеткаларын (костный мозг) алмаштыруу үчүн операцияга муктаж. Бул тууралуу апасы Гүлжан Исмаилова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, баласы бул илдет менен 3 айдан бери күрөшүп келет. Баланын операциясын чет өлкөдө гана жасоого болот.
"Уулум учурда онкологиялык илдет менен күрөшүп жатат. Көз рагына (ретинобластома) чалдыккан. Түркиянын Стамбул шаарындагы ооруканалардын биринде баламдын сол көзүн операция кылып алышты. Рак мээге жайылып кетпеши үчүн уулум тез арада 4 курс химиялык терапия алышы керек. Мындан тышкары, сөөк чучугунун клеткаларын (костный мозг) алмаштыруу кажет. Дарылануунун баасы 77 миң 300 долларды түзөт.
Жалгыз бой эне катары уулума жардам беришиңерди өтүнөм. Баламдын атасы жардам берүүдөн баш тартты. Рак экинчи көзгө өтүп кетпеши үчүн тез арада илдеттин алдын алышыбыз зарыл", - деди Исмаилова.
Умардын өмүрүнө кайдыгер карабаган жарандар төмөнкү эсеп номурлары аркылуу жардам бере алат.
Сбербанк: 2202 2061 4650 7533
Мбанк: 4177 4901 7598 6373
Мбанк тел: 0705035936
Халык банк: 5522 0433 6639 7485
Оптима: 4169 5853 5365 5565
Элсом: 0705123617
КСБ банк (ЭЛКАРТ): 9417018950912121
кошулду
