super.kg logo

Жакартада мамлекеттик кызматкерлер октябрга чейин онлайн иштешет

 

Индонезиянын борбору Жакартада абанын булганышын алдын алуу чараларынын алкагында мамлекеттик кызматкерлер үйдөн иштешет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Жакартанын убактылуу губернатору Херу Буди Хартононун буйругу менен киргизилген режимдин алкагында мамлекеттик кызматкерлердин жарымы кечээ, 21-августтан баштап 2 ай бою, ал эми 25 пайызы кийинки айдан 21-октябрга чейин үйдөн иштешет.

Ошондой эле кызматкерлердин үйлөрүнөн негизсиз чыгып кетүүсүнө жол бербөө үчүн текшерүүлөр жүргүзүлөт.

"Индонезиянын президенти Жоко Видодонун акыркы апталарда башынан өткөргөн катуу жөтөлдүн да себеби катары көрсөтүлгөн борбордогу абанын булганышы болуп саналат.

Өкмөт айлана-чөйрөнү булгагандар үчүн салыкты киргизүүнү жана заводдордо текшерүүнү күчөтүүнү пландоодо.

10 миллион калкы бар борбор шаар Жакарта, абанын сапатын иликтеген IQAir компаниясы тарабынан абанын булгануусу эк жогору шаар деп аталган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: