Дүйнө кубогунда самбо боюнча өлкөдөн 16 спортчу күч сынашууда






Дүйнө кубогунда самбо боюнча Кыргызстандан 16 спортчу күч сынашууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Дүйнө кубогунун биринчи күнүндө спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98 жана андан ашык килограмм салмак даражаларында мелдеш өтүүдө.
Ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59, 65, 72 килограмм салмак даражаларында беттештер болуп жатканы айтылат.
Кыргызстандан аталган салмак даражаларында төмөнкү спортчулар күч сынашууда:
Спорттук самбо (эркектер арасында):
1. 58 килограмм - Кайрат Жусуп уулу, Темирлан Уланбек уулу;
2. 64 килограмм - Белек Бараканов, Адилет Кубаныч уулу;
3. 71 килограмм - Эламан Касымбаев, Жандос Эсегазиев;
4. 79 килограмм - Феликс Уланбеков, Искендер Нармухамедов;
5. 88 килограмм - Жамалбек Асылбек уулу, Фарух Мамаджанов;
6. 98 килограмм - Артур Сансызбеков, Шахриор Идрисов;
7. 98+ килограмм - Сыймык Жапаров, Бекболот Токтогонов.
Күжүрмөн самбо (кыздар):
1. 59 килограмм - Бегайым Акбалаева;
2. 65 килограмм - Миранда Медетбек кызы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.