Бишкектин "Тазалык" муниципалдык ишканасы айрым таштанды контейнерлери турган аймактарда видео камераларды орнотту. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, көбүнчө камералар, таштандылар мөөнөтүнөн мурда толуп калган же тигүү цехтеринен чыккан жана курулуш калдыктары менен толгон жерлерге коюлду.

Белгилей кетсек, учурда 19 камера иштеп жатат, жыл аягына чейин дагы 20 камера ишке кирет.

"Курулуш жана тигүү калдыктарын ыргыткан жарандардын видео материалдары муниципалдык инспекцияга өткөрүлүп берилет. Өз кезегинде инспекция "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин негизинде айып салат.

"Тазалык" ишканасынын мастерлеринин эсептөөсүндө бир камерага 2-3 материал келип түшөт", - деп айтылат маалыматта.