super.kg logo

Кытайдын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн кыргызстандыктарга 25 квота бөлүнөт

 
Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн кыргызстандыктарга 25 квота бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев 16-19-август күндөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргызстандын делегациясынын курамында Кытай өлкөсүнүн Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районуна барып келди.
Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары Бекжан Супаналиев Министрлер Кабинети менен СУАР Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарына автономиялуу райондогу ЖОЖдордо билим алуу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндө макулдашууга, Билим берүү жана илим министрлиги менен "Goldwind Science and Technology Co., Ltd" компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга катышканы айтылат.
"Ош мамлекеттик университети менен Шихецы университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.
Кошумчалай кетсек, шамал генераторлорун орнотуу жана тейлөө боюнча кадрларды даярдоо жаатындагы алдыңкы компания менен түзүлгөн меморандумдун алкагында Кыргызстанда шамал генераторлорун орнотуу жана өлкөнүн эки техникалык жогорку окуу жайында шамал энергетикасы жаатындагы кадрларды даярдоо ишке ашырылары күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: