super.kg logo

Жогорку сот Украинадагы согушка катышкан Аскар Кубанычбек уулунун арызын карады

 

Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттолгон Аскар Кубанычбек уулунун арызы Жогорку сотто бүгүн, 22-августта каралып, кийинки отурум 30-августка белгиленди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 16-майында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Украинадагы согушка Орусия күчтөрүнүн катарында катышканы үчүн айыпталган Аскар Кубанычбек уулун 10 жылга соттогон.

Ага ылайык, апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Муну менен Кыргызстанда биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылды.

Белгилей кетсек, Аскар Кубанычбек уулу ушул жылдын январь айында атасынын ооруп калганын угуп Кыргызстанга келгенде атайын операцияга катышкан деп камакка алынган. Сотто ал согуш талаасына өз ыктыяры менен барганын, Орусиянын жарандыгын алууну каалап жүргөнүн билдирген.

Кыргызстандык Орусиянын бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүнү өтүнгөн. Орусиянын ТИМи буга дароо реакция кылып, маселе каралып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: