Бишкекте "Ош базардагы" өлкөнүн түштүгүнө каттаган таксисттер башка аймакка жылдырылды








Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан шаар ичинде таксилерди иретке келтирилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта аталган башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мындан кийин эми өлкө аймагына таксилер бир гана автобекеттен кете башташат. Мурда "Ош базарынын" айланасынан кеткен таксилер бүгүнкү күндөн баштап батыш автобекетинен гана кетишет.
"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, Бишкек шаарынан Токтогул, Аксы, Жалал-Абад, Кербен, Ош, Баткен, дегеле республиканын түштүгүнө сапар алсаңыздар, убара болбой түз эле батыш автобекетине барыңыздар. Жүргүнчү ташып такси кызматын аркалаган айдоочуларыбыз сиздерди батыш автобекеттен күтүп алышат", - деп билдиршти башкармалыктан.
Белгилей кетсек, бул иш-чара айдоочулардын жолдо чарчоосун алдын алуу жана жол кырсыктарын болтурбоого өбөлгө түзүү болуп саналат. Ошондой эле шаардын жолдорунда унаалардын кыймылына жолтоо болуп, жол боюнда кардар күтүп унаалардын тыгынын пайда кылган учурларын алдын алууга багытталат.

