Кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек: "Ак-Тилек" бекетинде чатырлар тигилди
Чүй облусунун аймагындагы "Ак-Тилек-авто жол" көзөмөл-өткөрүү жайынын алдындагы жүк ташуучу унаалар топтолгон жерге чатырлуу жардам пункттары орнотулуп иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, аларда айдоочуларга медициналык, психологиялык, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулду.
Мындай тапшырманы президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев райондук түзүмдүк бөлүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин төрагасынын көрсөтмөлөрүнө ылайык берген.
Бүгүн, 22-августта аталган жерде Чүй облусу боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын облустук жыйыны өттү. Жүргүзүлүп жаткан иштер менен президенттин өкүлү жеке өзү таанышты.
Кошумчалай кетсек, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тез бузулуучу жүктөрдү ташыган унаалардын өтүүсүнө шарттар түзүлүүдө.
Эске салсак, кечээ, 21-августта “Ак-Тилек авто жол” өткөрүү жайы алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган. Ага байланыштуу бүгүн, 22-августта саат 12:00гө карата Кыргызстандан Казакстанга өтүү үчүн 430дай жүк ташуучу унаа кезекте турганын УКМКнын Чек ара кызматы кабарлаган.

