super.kg logo

Бишкектеги Жумабек көчөсүн оңдоп-түзөө иштери сентябрдын башында аяктайт

 

Бишкек шаарындагы Жумабек көчөсүн оңдоп-түзөө иштери сентябрдын башында аяктайт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, жолду оңдоо иштери Жумабек көчөсү боюнча Кулиев көчөсүнөн Заводской посёлок көчөсүнө чейин башталган. Учурда узундугу 540 погон метрди түзгөн жолдо капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Заводской посёлок көчөсүнө чейин узундугу 300 погон метр болгон унаа жолуна жана тротуарга асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери аяктады.

Ошондой эле, 240 погон метр жерге тосмо таштардын ордун даярдоо жана ирригация системасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул объектте жылдырыла турган 5 даана мамы жана түркүк бар.

Капиталдык курулуш иштерин сентябрь айынын башына чейин жыйынтыктоо пландаштырылууда.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын жолдорун жана тротуарларын капиталдык оңдоодон өткөрүүнү мындан ары да уланта турганы белгиленет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: