Бишкекте "Сакал" аты менен белгилүү Улан Токтосуновдун тарапташтары чогулду
Бүгүн, 23-августта Бишкектеги Жазаларды аткаруу кызматынын алдына "Сакал" каймана аты менен таанылган Улан Токтосуновдун тарапташтары чогулушту.
Алар Улан Токтосуновдун Нарындагы СИЗОдон Бишкекке эмне себептен которулуп жатканын сурашып, которууга тынчсыздануусун билдиришкен.
Алардын айтымында бүгүн, 23-август күнү эртең менен Нарындагы СИЗОго спецназдар келип, Улан Токтосуновду Бишкектеги СИЗО-1ге которула тургандыгын айтышкан. Жакындары анын өмүрүнө коркунуч жаралат деп кооптонууда.
Жыйынтыгында Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлү алар менен жолугуп, 3 тарапташын жолугушуу үчүн алып кирип кетти.
Эске салсак, Улан Токтосунов 2015-жылдын май айында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Дамир Сапарбековдун өлүмү боюнча мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Бул факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Токтосунов камакка алынганга чейин Түркияда жүргөн. 2016-жылдын декабрь айында Биринчи май райондук соту аны бир нече беренелер боюнча күнөөлүү деп таап, 17 жылга эркинен ажыраткан.




1 |