super.kg logo

Министрлик: "Казакстанга Чүй дарыясы аркылуу суу берилип жатат"

 

Казакстанга Чүй дарыясы аркылуу суу берип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Суу ресурстары кызматынын директору Сокеев Алмазбек маалымат жыйында билдирди.

Сокеевдин айтымында, Киров суу сактыгычында суу жок болгондуктан, Казакстанга суу берүүнү токтотулган. Бирок Чүй дарыясы аркылуу суунун 20 пайызы коңшу өлкөгө берилип жатат.

Ошондой эле Сокеев чек арада тыгындын пайда болушуна суунун тиешеси жок экенин айтты.

Казак тарап эч кандай доо жок деди. Сууну алдык, лимитибизди алдык дешти. Мен казак тарап айткан маалыматты гана айта алам. Эгер претензия болсо, биз официалдуу билдирүү алмакпыз. Бирок бизге расмий билдирүү келген жок”,- деди Сокеев.

Эске салсак, буга чейин казак-кыргыз чек арасында Кыргызстандын жүк ташуучу унааларынын узун кезеги жаралган. Муну коомчулук казак тарапка суу бербей коюу менен байланыштырган. Бирок кечээ Казакстандын финансы министри чек арада бангизат кармоо операциясы болгонун, унаалардын тыгынына суунун тиешеси жок экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: