super.kg logo
  Спорт  

Фу Минг эсиңиздеби? Эми ал Криштиану Роналду менен жаңжалдашты

 

Сауд Арабиянын "Аль-Наср" футболдук клубу Азия чемпиондор лигасынын тандоо турунда "Шабаб Аль-Ахли" командасы менен кез келди.

Оюн 4:2 эсебинде "Аль-Наср" командасынын жеңиши менен аяктап, команда тайпалык баскычка өттү.

Бул оюнда негизги калыстык милдетти кыргыз күйөрмандарына таанымал кытайлык Фу Минг аркалады. Оюн учурунда ал атактуу чабуулчу Криштиану Роналдунун чындап ачуусун келтирди.

Алгач "Шабаб Аль-Ахли" клубунун коргоочусу Роналдуну айып аянтчасынын ичинен жыгылткан. Бирок Фу Минг ага пенальти койгон жок. Экинчи эпизоддо Роналдунун узаткан тобу коргоочунун колуна даана тийгени көрүнсө дагы, Фу Минг пенальти берген жок. Ушундан кийин Роналду Фу Мингге ачуусу менен кыйкырды.

Ышкырык жаңырганда Роналду Фу Мингге келип, ачуусу менен сүйлөп, кыска жаңжалдашууга жетишти. Бирок Фу Минг Роналдуга сары айып кагазын көрсөткөн жок.

2019-жылы өткөн Азия Кубогунда Кыргызстан-ОАЭ беттешинде дал ушул Фу Минг башкы калыс болгон. Анда Фу Минг бир нече талаштуу чечимдерди кабыл алып, көпчүлүк кыргыз күйөрмандарынын нааразычылыгын жараткан.

ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаровдун пикиринде БАЭнин биринчи голу офсайд абалында кирген. Ошондой эле Кыргыз курамасынын дарбазасына коюлган 11 метрлик айып сокку туура эмес коюлган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: